Колду бат-баттан самындап жуу – кооптуу болуп эсептелет. Дерматологдордун айтымында, дерматит илдети менен кайрылгандардын көбү колун улам-улам жууй бергендер.
Анткени улам самындап колду жуу, антисептикалык каражаттарды байма-бай колдоно берүү теринин флорасын бузуп, иммунитетти түшүрөт. Колду самындап жуугандан кийин сөзсүз терини азыктандыра турган крем сүйкөө керек.