Мамлекеттик программалардын алкагында берилген насыяларды кайтарууну 3 айга жылдыруу сунушталды

Мамлекеттик программалардын алкагында берилген насыяларды кайтарууну 3 айга жылдыруу сунушталды.

 

Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, ишкерлерге насыны төлөө мөөнөтүн 3 айдан кем эмес мөөнөткө артка жылдыруу, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо, негизги суммага кошуп эсептебөө, насыяны төлөөнү кечиктирген учурда айып же үстөк пайыз чегербөө пландалууда.

 

Андан тышкары, Каржы министрлигине Жогорку Кеңеш менен макулдашып, бюджеттик каражаттарды кайтаруунун шарттарын кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.