Кыргызстанда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 140ка жетти

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 140ка жетти. Анын арасынан 39у дарыгерлер, медициналык орто билимдүү кызматкерлер 58, 23ү санитардык кызматкерлер, медициналык мекемелерде техникалык жаатта, чарба бөлүмдөрүндө, ашканада иштегендердин ичинен оору жугузгандар — 20.

 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, акыркы сутка ичинде эле 6 кызматкерден COVID-19 диагнозу тастыкталды.