81 адам коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалды

Акыркы суткада саат 21:00-06:00 аралыгында 81 адам коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалды. 8 автоунаа атайын токтотмо жайларга токтотулду.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 66, Жалал-Абад шаарында – 4, Ош шаары боюнча — 3, Нарын шаарында – 4, Ат-Башы району боюнча бир, Ноокат районунда бир, Сузак районунда эки адам коменданттык сааттын талаптарын бузган.

 

Ал эми Кара-Суу районунда тартип бузуу катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2970 адам коменданттык саатты бузганы үчүн кармалган. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктаганда коё берилди.

 

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды. Мындан тышкары Интернет аркылуу жалган маалыматтарды тараткандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертти.

 

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, унаа да жүрбөшү керек.