WhatsApp видео чалуу колдонуучуларынын санын максималдуу чекке жеткирди

WhatsApp аудио жана видео чалуу колдонуучуларынын санын максималдуу чекке жеткирди. Буга чейин бир эле учурда төрт адам байланышка чыга алса, эми сегиз адамдан турган топ чалууларды жүргүзө алат. Жаңы функция тиркеменин акыркы бета-версиясын көчүргөндөргө жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, акыркы учурда коллективдик чалуулар популярдуулукка жетти. Бул билим… Кененирээк…

Бул жылы карантинге байланыштуу конок чакырып ооз ачуу өткөрүүгө болбойт

Бул жылы карантинге байланыштуу конок чакырып ооз ачуу өткөрүүгө болбойт. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Ал белгилегендей, бул жылы орозо өлкөдө өзгөчө абал киргизилген учурга туш келди, мындан улам жарандар үйдө болушу керек. Эске салсак, кыргыстанда Ыйык Рамазан айы эртең башталат. Ал эми… Кененирээк…

Апрель айындагы үшүктөн зыян тарткан дыйкандарга жардам көрсөтүлөт

Апрель айындагы үшүктөн зыян тарткан дыйкандарга жардам көрсөтүлөт. Учурда бул тууралуу өкмөткө сунуш киргизилип жатат, — деди, Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Анын айтымында, үшүктүн кесепетинен зыян тарткандарга салыктан, насыядан, өкмөттөн алган үрөндү кайтаруу жагынан жардам берүү каралып жатат. Эске салсак, көбүнчө Жалал-Абад,… Кененирээк…

Кыргызстанда эпидемиалогиялык абал турукташа баштады

Кыргызстанда эпидемиалогиялык абал турукташа баштады. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, бүгүн илдетке чалдыккандардан айыккандар көп катталды. Бул өз кезегинде өлкөдө коронавирус таркашынын туу чокусуна жетти дегенди билдирет. Учурда республика боюнча, 631 адам COVID-19га чалдыкса, 302си айыгып чыкты.

АКШ грин-карта берүүсүн токтотту

АКШ грин-карта берүүсүн токтотту. Президент Дональд Трамп Америкада туруктуу жашоого уруксат берген документти чет элдиктерге берүүсүн токтотконун жарыялады.   Грин-карта берүү азырынча эки айга токтотулду. Бирок коронавирус пандемиясы жана экономикалык абалга жараша убактысы андан дагы узартылышы мүмкүн. Мындай чечимдин негизги максаты-Американын коронавирустан улам бош калган… Кененирээк…

Кыргызстанда эртең ыйык Рамазан айы башталат

Кыргызстанда эртең ыйык Рамазан айы башталат. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, дата айдын чыгышына карап бекитилди. Орозо кармоо – Ислам дининдеги 5 парздардын бири.   Анын алкагында мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин ооздоруна наар алышпайт.

Баткенде таза суу менен камсыздоо системасын оңдоо иштери жайдын соңуна чейин аяктайт

Баткенде таза суу менен камсыздоо системасын оңдоо иштери жайдын соңуна чейин аяктайт. Президент аппаратынын маалыматына ылайык, долбоор Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашууда.   Учурга карата “Таза суу” муниципалдык ишканасынын имараты курулуп, техника жана жабдуулар сатылып алынды. Ал эми канализациялык системалардын… Кененирээк…

Кыргызстанда юридикалык жактарды онлайн каттоого болот

Кыргызстанда юридикалык жактарды онлайн каттоого болот. Юстиция министрлигинен эске салышкандай, 21-апрелден тарта ведомство аралыктан иштөө режимине өттү.   Андан бери жеке ишкерликке 2 субъект онлайн каттоодон өттү. Ал үчүн биометрикалык паспорт, пин-код керектелет.

Президент аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр

Президент аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен президенттин кеңешчиси Олег Панкратов кызматынан бошотулду.   Дагы бир жарлыкка ылайык, социалдык өнүгүүнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева отставкага кетти.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 48 бейтап коронавирустан айыкты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 48 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.   Анын айтымында, Бишкекте 14, Нарында 2, Ош шаарында 25, Ош облусунда 7 адам ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан, Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин саны 302ге жетти.