Жалал-Абад облусунун жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкесине 6,5 миңге жакын көчөт отургузулду

Жалал-Абад облусунун жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкесине 6,5 миңге жакын

көчөт отургузулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,

жер кыртышын бекемдөө максатында Аксы жана Сузак районунун кооптуу

жети гектар жерине жаңгак, өрүк, кара жыгачтын көчөттөрү тигилди.

Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусунда көчкү жүрүүчү аймактын

30 пайызы калктуу конуштарга туура келет.