Россиядан буудайдын экинчи партиясы Кыргызстанга жеткирилди

Россиядан буудайдын экинчи партиясы Кыргызстанга жеткирилди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,

бул жолу 760 тонна дан эгини алынып келинди. Жакынкы күндөрү өлкө аймагына

дагы төрт миң тоннага жакын буудай келээри күтүлүүдө. Белгилеп кетсек,

буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россиядагы азык-түлүк

корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишим түзгөн.

Бүгүнкү күндө анын эки миң тоннага жакыны келди.