Нарын облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзала бүгүн,

түштө Нарын районунун Достук айылында үч балл, Куланак,

Жан-Булак айылдарында эки жарым баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.