Баткен облусунда үйлөрдү жана социалдык объектилерди селден коргоо иштери жүрүүдө

Баткен облусунда үйлөрдү жана социалдык объектилерди селден коргоо иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар каналдарды тазалап, дарыялардын жээктерин бекемдеп жатат.   Иштер 4 райондун аймагында жүрүүдө. Жалпысынан ведомствонун аймактагы башкармалыгы  60 объектиде тиешелүү иштерди аткарууну пландады.

Жарактуу мөөнөтү чыгып калган паспортторду ушул жылдын сентябрына чейин узартууну сунушталды

Мамлекеттик каттоо кызматы жарактуу мөөнөтү чыгып калган паспортторду ушул жылдын сентябрына чейин узартууну сунуштады. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, өкмөттүн тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты.   Документте ошондой эле, чет элдиктердин каттоо мөөнөтүн узартуу, паспорту жок мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырууга уруксат берүү каралды. Бул… Кененирээк…

Кытайдан келген адистер кыргызстандык дарыгерлер үчүн онлайн-окутуу жүргүзүшөт

Кытайдан келген адистер кыргызстандык дарыгерлер үчүн онлайн-окутуу жүргүзүшөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, вебинарга өлкө дарыгерлеринин бардыгы кошула берсе болот.   Эске салсак, Кытайдан медкызматкерлердин тобу Бишкекке 20-апрелде жергиликтүү дарыгерлерди коронавирус менен күрөшүүгө үйрөтүү үчүн келди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы менен ошондой эле, өлкөгө… Кененирээк…

Новосибирскиден 176 кыргызстандык учуп келди

22-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту Новосибирскиден келген чартердик рейсти тосуп алды. Коопсуздук чаралары үчүн учакта келген 176 жүргүнчү аба майданынын имаратына киргизилбестен, учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Эми бул рейс менен Новосибирскиге Бишкектен Орусиянын жарандары учуп кетет.   Новосибирскиден Бишкекке 22-апрелде чыккан учакка илинбей калганын… Кененирээк…