Кыргызстанда 45 медицина кызматкери коронавирустан айыкты

Кыргызстанда 45 медицина кызматкери коронавирустан айыкты.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей,

республикада 16 дарыгер, 18 орто жана 11 кенже медицина кызматкери вируска кабылган.

Алардын жалпы саны 162ни түзөт. Кошумчаласак, өлкөдө коронавирус жуктуруп

алгандардын саны 631 адамга жетсе, анын 302си айыкты. Жети бейтап каза тапты.