Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Ага ылайык, өлкөнүн улуттук авиакомпаниясынын учагы бүгүн, эл аралык
«Манас» аэропортуна конду. Медициналык дары-дармектер жана жеке
коргонуучу каржаттар түрүндөгү гуманитардык жардам
өлкөдө коронавирус менен күрөшүүгө багытталат.