Кыргызстанда дагы алты дарыгер коронавируска кабылды

Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.   “Бишкек шаарында эки, Нарын облусунда үч, Ош облусунда бир медиктен табылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган кызматкерлердин саны 191ге жетти”,… Кененирээк…

Индияда адамдардын ортосундагы аралыкты сактоо үчүн өзгөчө ыкма ойлоп табышты

Индияда адамдардын ортосундагы аралыкты сактоо үчүн өзгөчө ыкма ойлоп табышты. Айылдардын бирине 10 миң колчатыр таратылды. Бул жерде дайыма ачык колчатыр менен жүрүү керек, бул учурда адамдардын ортосундагы аралык 1 метр болот.   Жергиликтүү бийлик мындай жол менен COVID-19 вирусу менен күрөшүү ниетинде.

Милиция кызматкерлери велосипеддерди тартып алган жок

Милиция кызматкерлери велосипеддерди тартып алган жок, бирок аны тээп жүргөндөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.   Анын айтымында, эгер велосипедчен адам зарыл иш менен эмес жөн эле жүрсө, маршруттук баракчасы жок болсо ага карата чара көрүлөт. Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо бшкармалыгынын начальниги Айнура Акматова билдирди.   Анын айтымында, Бишкекте 9, Ош шаарында 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абадда 3, Нарында 5 учур катталды. Анын алтоо медицина кызматкерлери.  Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 729га… Кененирээк…

Пандемиядан кийин экономикасы тез калыбына келген мамлекеттер аталды

Пандемиядан кийин экономикасы тез калыбына келген мамлекеттер аталды. Чет элдик ММКлар жазгандай, Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея аз убакыттын ичинде коронавирустун жайылышын басаңдатып, экономикасын калыбына келтире алды.   Адистердин айтымында, Азия өлкөлөрү Европа жана АКШга караганда коронавирус менен күрөшүүдө жакшы жыйынтык көрсөтө алды.

Жаздын соңку айы Кыргызстанда ысык жана жаанчыл болот

Жаздын соңку айы Кыргызстанда ысык жана жаанчыл болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, майда республиканын басымдуу аймактарында аба табы нормадан 2 градуска жогору болот.   Түндүк аймакта күндүз 33 градуска чейин ысыйт. Ал эми түштүктө түнкүсүн +15…20, күндүз +28…33 градусту түзөт.

Өзгөчө абал режиминде өлкө боюнча кылмыштуулук деңгээли 300 пайызга кыскарды

Өзгөчө абал режиминде өлкө боюнча кылмыштуулук деңгээли 300 пайызга кыскарды. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдиргендей, милиция коомдук жайларда дээрлик кылмыштарды каттабай калды.   Анын ортосунда, коляска жана велосипед уурдоо сыяктуу майда кылмыштар катталып жатат. Кайрымдуулук фонддор катары шылуундар схема менен элди алдоо… Кененирээк…

Кыргызстанда той-аштарга тыюу күчүндө кала берет

Кыргызстанда той-аштарга тыюу күчүндө кала берет. Коронавируска байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынса да, той-аштарга жана башка эл көп чогулуучу иш-чараларга салынган тыюу азырынча алынбайт.   Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, өзгөчө абал киргизилген аймактарга кирип-чыгууда санитардык-карантиндик блокпосттор өз ишин улантат. Өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине… Кененирээк…

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

28-апрелде Баткен облусунда жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   «28-апрель күнү саат 17:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Баткен районунун Бужум, Кызыл-Жол, Боз-Адыр, Кызыл-Бел, Достук айылдарында 4 балл, Көчө-Карын, Кара-Булак, Көк-Таш… Кененирээк…

Россияда дем алыш күндөрү 11-майга чейин созулмай болду

Россияда дем алыш күндөрү 11-майга чейин созулат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин коронавирустун жайылышын токтотууга багытталган онлайн-жыйында билдирди.   Путин буга чейин 6-8-май күндөрү россиялыктар эс аларын айтып, айлыктары сакталарын билдирген болчу. “Май айындагы бардык майрам күндөрдү кошкондо дем алыш күнү 11-майга чейин созулат.… Кененирээк…