Милиция кызматкерлери велосипеддерди тартып алган жок

Милиция кызматкерлери велосипеддерди тартып алган жок, бирок аны тээп жүргөндөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

 

Анын айтымында, эгер велосипедчен адам зарыл иш менен эмес жөн эле жүрсө, маршруттук баракчасы жок болсо ага карата чара көрүлөт. Эске салсак, буга чейин комендант велосипеддер тартылып алынат деп коркуткан болчу. Анын бул сөзү социалдык тармактарда катуу талкууга алынган.