Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

28-апрелде Баткен облусунда жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

«28-апрель күнү саат 17:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Баткен районунун Бужум, Кызыл-Жол, Боз-Адыр, Кызыл-Бел, Достук айылдарында 4 балл, Көчө-Карын, Кара-Булак, Көк-Таш айылдарында 2 жарым баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок», — деп жазылат маалыматта.