Лионель Месси 21-кылымдын эң мыкты оюнчусу аталды

Лионель Месси 21-кылымдын эң мыкты оюнчусу аталды. “ELO” сайтынын маалыматында, аргентиналык форвард 100 упай менен биринчи орунда турат. Экинчиде Португалия курамасынын жана “Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналду жайгашты.   Мыкты футболчулар үчилтигин франциялык Тьерри Анри жабат. Тизмеде ошондой эле Луис Суарес, Златан Ибрагимович, Гарри Кейн, Мохамед… Кененирээк…

Кыргызстанда эмдөө жумалыгынын алкагында 65 көчмө бригада иштейт

Кыргызстанда эмдөө жумалыгынын алкагында 65 көчмө бригада иштейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, карантинге байланыштуу пландуу эмдөө убактылуу токтотулган болчу. Февраль-апрель айларында кызамык менен кызылчага каршы, төрөт үйлөрүндө ымыркайларды БЦЖ жана гепатитке каршы гана эмдөө жүрүп жатты.… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Иркештам” өткөрүү бекети убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Иркештам” өткөрүү бекети убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 30-апрелден 5-майга чейин Кытайда “Эмгек күнү” белгиленгендиктен түйүн жабык болот.   6-майда жүк өткөрүү жанданат. Кошумчаласам, Алай районундагы “Иркештам” — Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда азыр иштеп жаткан жалгыз бекет.

Ош облусунда коопсуз аймактарда жашагандар көчүрүлүүдө

Ош облусунда коопсуз аймактарда жашагандар көчүрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы кооптуу аймактарда жашаган жарандарды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү үчүн чатырлар тигилип жатат.   Белгилеп кетсек, облуста 2 миң 406 үй-бүлө жер көчкү ыктымалдуулугу жогору болгон аймактарда жашап келет. Буга… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым аймактарда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жарлыгына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым аймактарда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жарлыгына кол койду. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими узартылат.   Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Калган аймактарда 30-апрелде өзгөчө абалдын… Кененирээк…

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун планын иштеп чыкты (толукталды)

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун планын иштеп чыкты.   Ал 3 этаптан турат, биринчиси 1-майда башталат. Бул күндөн тартып өнөр-жай, курулуш жана дүң соода түйүндөрүнө иштөөгө уруксат берилет.   Андан тышкары, нотариустар, чач-тарачтар, унааны оңдоо жана такси кызматтары ишке кирет.   Экинчи этап 11-майга белгиленип, анда… Кененирээк…

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу 3 этап менен ишке ашат

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык штабдын жыйынында билдирди. Анын айтымында, экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша негизги критерийлерди эске алуу менен иштелип чыкты.   Өзгөчө абал режиминде 1-майдан тарта ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнүн ишине уруксат… Кененирээк…