Кыргызстанда дагы алты дарыгер коронавируска кабылды

Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

 

“Бишкек шаарында эки, Нарын облусунда үч, Ош облусунда бир медиктен табылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган кызматкерлердин саны 191ге жетти”, — деди Акматова.