Бишкекте 21-майдан тарта соода борборлору ишин жандантат
Бишкекте 21-майдан тарта соода борборлору ишин жандантат. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Республикалык штабдын планы боюнча, 21-майдан тарта калкты тейлөө борборлору, мончо, СПА-салон, репетитор жана тиричилик кызматын көрсөткөндөрдүн иши жанданат. Соода борборлорунда жумушту баштоого даярдык көрүлүп, коргонуу боюнча атайын эрежелер иштелип чыкты.