Эң кымбат жана ылдам Bugatti Chiron унаасы көрсөтүлдү (видео)

Белгилүү немис алып баруучусу Маттиас Мальмеди дүйнө жүзүндөгү эң кымбат жана эң ылдам Bugatti Chiron унаасын элге көрсөттү.

 

Унаа кара түстө жана чектелген гана санда жарык көргөн, мындан улам аны унаа салондорунан сатып алуу мүмкүн эмес. Унаанын ылдамдыгы 1 миң 500 аттын күчүнө барабар. Ылдамдыкты чектөө көрсөткүчү саатына 350 чакырым көрсөткүчүнө коюлган.

Bugatti Chiron Pur Sport унаасына болгон баа 3 миллион 500 миң евродон башталат. Компания аталган унаадан болгону 10-12ни чыгара турганын айткан.