Бишкектин көчөлөрүндө беткап тагынбаган жарандарга айып салынбайт

Бишкектин көчөлөрүндө беткап тагынбаган жарандарга айып салынбайт. Буга вице-мэр Татьяна Кузнецова ишендирүүдө. Анын айтымында, адамдар коргонуу каражаттарын имараттын ичинде жүргөндө тагынышы керек. Буга мекеменин жетекчилиги жооптуу болот. Эске салсак, буга чейин калаа мэри Азиз Суракматов бет кап тагынбаган жарандарга 1 миңден 5 миң сомго чейин… Кененирээк…

Германия Кыргызстанга 500 миң евро бөлүп берет

Германия Кыргызстанга 500 миң евро бөлүп берет. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка караганда, каражат «Кыргызстандагы шайлоону колдоо» программасынын алкагында берилет. Программа калктын аярлуу катмарын, аялдар, жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жана мигранттардын добуш берүү укугун колдоого багытталган. Кошумчаласак, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Жарандарга этият болуу сунушталат.

Бишкектин “Тунгуч” кичи районунда жаңы бала бакча 1-июнда ачылат

Бишкектин “Тунгуч” кичи районунда жаңы бала бакча 1-июнда ачылат. Бул тууралуу вице-мэр Уланбек  Азыгалиев билдирди. Анын айтымында, курулуш иштери соңуна чыкты.   Ашкана үчүн зарыл жабдуулар жеткирилип, вибео-байкоо системасы орнотулду. Музыкалык жана медициналык бөлмөлөрдүн жабдууларын гана алып келүү калды, — деди чиновник. Эске салсак, бала… Кененирээк…

Кыргызстанда 21-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча үчүнчү этап старт алат

Кыргызстанда 21-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча үчүнчү этап старт алат.   Ага ылайык, өкмөт ушул бейшембиден тарта калкты тейлөө борборлоруна, акча алмаштыруу жайларына, ломбарддарга, эмерек цехтерине, соода борборлоруна, кийим дүкөндөрү жана базарларына, мончолорго, унаа базарларына иштөөгө уруксат берет.   Эске салсак, өкмөт өзгөчө абал… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Акыркы суткада ал дагы  60 тыйынга төмөндөдү. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 75 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 76 сом 40 тыйынга сатышууда.   Эске салсак, мартта доллардын куну кескин көтөрүлүп, 85 сомго жеткен болчу. Валюта серпилүүсүн… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда катуу шамалдан эки үйдүн чатыры жарактан чыкты

Жалал-Абад облусунда катуу шамалдан эки үйдүн чатыры жарактан чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Базар-Коргон айылында 18-майдын кечинде катуу шамал көп кабаттуу турак үйдүн 12 даана темир чатырын учуруп кеткен.   Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында бир үйдүн чатырына дарак кулап, шиферлерин сындырды. Куткаруучулар жеринде… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Бүгүн жана эртең республиканын басымдуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй жана Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда жаан нөшөрлөп жаайт.   Өлкө боюнча температура төмөндөйт. Аба-ырайынын мындай шарты байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратат.

Бүгүн Кадыр түн болот

Бүгүн Кадыр түн болот. Бул тууралуу муфтияттын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилеп кетишкендей, бул түнү мусулмандар уктабай, таңга чейин намаз окушат. Айрым хадистерге ылайык, бул түнү сыйынуу – 1 миң ай тынбай сыйынууга барабар.   Муфтияттан белгилеп кетишкендей, ооз жабууга чейин уктабай отуруу – жетиштүү… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспортту кое берүү суроосу бүгүн, эртең каралышы күтүлөт

Бишкекте коомдук транспортту кое берүү суроосу бүгүн, эртең каралышы күтүлөт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, бардыгы коронавирустун жайылышына жана алар менен байланышкан адамдардын көптүгүнө жараша болот.   Ал эми бала бакчалардын ишин жандантуу суроосу июнга жакын каралат. Эске салсак, Бишкек автобус жана… Кененирээк…