Бюджеттеги дефицит мугалим жана медицина кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууга таасирин тийгизбейт. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр киргизилген долбоордо артыкчылык берилген чыгашалар каралган.
Мугалимдердин маянасына быйыл 7 миллиард сом, дарыгерлерге 700 миллион сом бөлүнөт. Андан тышкары, санариптештирүү, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо боюнча бардык иш-чаралар өткөрүлөт, — дешти Каржы министрлигинен.