Кыргызстандагы ишканаларга 1-майдан бери дээрлик 1 миллион сом айып салынды

Кыргызстандагы ишканаларга санитардык нормаларды сактабаганы үчүн дээрлик 1 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматына ылайык, кеп, 1-майдан тарта ишмердүүлүгүн жанданткан мекемелер тууралуу болуп жатат. Жалпысынан 680 объектиге айып салынса, 3 миңден ашык ишкана эскертүү алды.

Ош облусунда топтошуп жаратылышка чыгып эс алууга болбойт

Ош облусунда топтошуп жаратылышка чыгып эс алууга болбойт. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган көрүнүштөр катталбашы үчүн милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Учурда Ош-Гүлчө, Ош-Папан, Ош-Өзгөн жана Ош-Ноокат унаа жолдорунда көчмө посттор иштеп жатат. Эске салсак, быйыл 10, 20, 30… Кененирээк…

Ысык-Көл облусуна негизсиз барган жарандар киргизилбейт

Ысык-Көл облусуна негизсиз барган жарандар киргизилбейт. Бул тууралуу novosti.kgге өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аймакка келгендер Ак-Кеме санитардык-карантиндик түйүнү аркылуу гана киргизилет. Жарандар посттон өтүүдө паспортун, маршруттук жана иш сапары тууралуу баракчаларын көрсөтүшү керек. Айдоочулар унаадан чыкпашы шарт. Ал эми облустан Кызыл-Омпол же  кайра эле Балыкчыдагы… Кененирээк…

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан төрт адам каза тапты

25-майдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 355-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын жерде жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Дагы үч адам жаракат алган. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди.   “Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштагы тургуну «Хонда Одиссей» машинеси… Кененирээк…

Түркияда быйыл туристтик сезон декабрга чейин узартылышы мүмкүн

Түркияда быйыл туристтик сезон декабрга чейин узартылышы мүмкүн. Өлкөгө биринчилерден болуп Кытайдан, Япониядан, Түштүк Кореядан жана Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер келери күтүлүүдө.   Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа коронавирус инфекциясы көп катталган өлкөлөрдөн келген туристтер өлкөгө киргизилбей тургандыгын жарыялап, басымды ички туризмге жасаган.

Бишкекте ысык аба-ырайы дагы 10 күн сакталат

Бишкекте ысык аба-ырайы дагы 10 күн сакталат. Синоптиктердин маалыматында, күндүз термометр мамычалары +35 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн +20 градусту көрсөтөт. 5-июнга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.   Бул айда температуралык рекорд катталышы толук ыктымал.  Белгилеп кетсек, буга чейин 2018-жылдын 11-майы эң аптаптуу болгон, анда Бишкекте күн 36,8… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук таксилер каттамга 2 эсе аз чыкты

Бишкекте маршруттук таксилер каттамга 2 эсе аз чыкты. “Азаттыкка” мэриядан билдиришкендей, учурда болжол менен 800-900 кичи автобус элди ташууда.   Муну адистер бүгүн Кыргызстанда расмий түрдө дем алыш күн деп жарыяланганы жана жүргүнчү ташууга коюлган жаңы чектөөлөрдөн улам жол акыдан киреше табуу мүмкүнчүлүгү азайганы менен түшүндүрүүдө.… Кененирээк…

Бишкектин №19 мектебинде кошумча корпустун курулушу уланууда

Бишкектин №19 мектебинде кошумча корпустун курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы корпус 198 окуучуга чакталат. Анда бий залы, окуу класстары, сабактан тышкаркы окуу үчүн кабинеттер жана китепкана каралган.   Курулуш иштерине шаар бюджетинен 45 миллион сом бөлүнгөн. Объект колдонууга ушул жылдын 1-сентябрында берилип калат.

Ордо калаада 51 билим берүү объектинде оңдоо иштери жүргүзүлөт

Ордо калаада 51 билим берүү объектинде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, алардын ичинде мектептер, бала бакчалар жана балдардын өнөр борборлору кирет.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иштердин алкагында чатырлар, жылуулук системасы оңдолуп, тосмолор орнотулат.   Керектүү каражат шаар бюджетинен бөлүндү.

Бишкекте бүгүн ачылган спорт залдары жана фитнес-борборлоруна бир катар талаптар коюлду

Бишкекте бүгүн ачылган спорт залдары жана фитнес-борборлоруна бир катар талаптар коюлду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, администрация имаратты улам жыйнап, желдетип турушу керек.   Кызматкерлер беткап тагынып, дене табын улам текшерип турууга милдеттендирилет. Талаптардын аткарылышын санитардык кайгуул бригадалары көзөмөлдөйт. Ал эми жер төлөдө жайгашкан спорт… Кененирээк…