Ысык-Көл облусуна негизсиз барган жарандар киргизилбейт.
Бул тууралуу novosti.kgге өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аймакка келгендер Ак-Кеме санитардык-карантиндик түйүнү аркылуу гана киргизилет.
Жарандар посттон өтүүдө паспортун, маршруттук жана иш сапары тууралуу баракчаларын
көрсөтүшү керек. Айдоочулар унаадан чыкпашы шарт. Ал эми облустан
Кызыл-Омпол же кайра эле Балыкчыдагы Ак-Кеме постунан чыгууга болот.