Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан төрт адам каза тапты

25-майдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 355-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын жерде жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Дагы үч адам жаракат алган. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди.

 

“Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштагы тургуну «Хонда Одиссей» машинеси менен Бишкекти көздөй баратып, унаасын чукул бурулушта башкара албай жолдон чыгып, 200 метр төмөнгө түшүп кеткен. Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын үч тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн. Айдоочу менен бараткан үч адам каза болгон” деди Сатыбалдиев.

 

Каза болгон жүргүнчүлөр 20, 18 жаштагы жигиттер жана 22 жаштагы кыз. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.