Ат-Башы районундагы №32-кесиптик лицейге кошумча имарат курула баштады

Ат-Башы районундагы №32-кесиптик лицейге кошумча имарат курула баштады. Билим берүү мекемесинин короосунда жаңы фельдшердик-акушердик түйүн, мечит жана бала бакча пайда болот. Курулуштун жалпы суммасы 22 миллион сомду түзөт. Каражат чет элдик донорлор тарабынан бөлүндү. Кошумчаласак, аталган кесиптик лицейдин имараты 67 жыл мурда курулгандыктан авариялык абалда… Кененирээк…

Баткен облусунун Жаңы-Жер аймагында өрүктөр быша баштады

Баткен облусунун Жаңы-Жер аймагында өрүктөр быша баштады. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, багбандар өрүктүн алгачкы түшүмүн сатыкка чыгара башташты. Облуста жалпысынан 8 миң гектар өрүк багы бар. Андан жыл сайын 100 миң тонна өрүк жыйнап алынат. Анын 20 пайызы жергиликтүү ишканаларда иштетилсе, 80 пайызы чет өлкөлөргө… Кененирээк…

Быйыл 1 миллион 219 миң гектар жер айдалды

Быйыл 1 миллион 219 миң гектар жер айдалды. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында эгин  былтыркыга салыштырмалуу 2,3 миң гектарга көбүрөөк айдалды. Анда буудай, жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр жана арпа басымдуулук кылат. Мындан тышкары,… Кененирээк…

1-июндан тартып Ысык-Көлдө эс алууга уруксаат берилди

1-июндан тартып Ысык-Көлдө эс алууга уруксаат берилди. Бул тууралуу Маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Алгач эс алуу пансионаттары жана үйлөрдүн санитардык талаптарды сактоо эрежелерин атайын комиссия текшерет. Андан кийин гана алардын иштөөсүнө уруксат берилет. Министр белгилегендей, кичи автобус жана автобустарда вирустун жугуу кооптуулугу… Кененирээк…

Бишкекте өзгөчө кырдаал шартында иштөө тартибин сактабаган 4 кафе аныкталды

Бишкекте өзгөчө кырдаал шартында иштөө тартибин сактабаган 4 кафе аныкталды. Мэриядан билдиришкендей, тамактануу жайларында 50дөн ашык кардар тейленип жаткан. Ошондой эле адамдардын ортосундагы 1,5 метр аралык сакталган эмес. 28-майга карата ишкерлерге 62 протокол толтурулуп, 256 миң сом айып салынды. Учурда мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы кафе жана… Кененирээк…

Кара-Суу шаарында алгачкы ирет таза суу системасы тартыла баштады

Кара-Суу шаарында алгачкы ирет таза суу системасы тартыла баштады. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, эми аймакта жалпысынан 20,5 чакырымга созулган таза суу түтүгү пайда болот. Учурда 7 чакырымда иштер аткарылды. Мындан тышкары канализация куруу да каралган. Долбоордун жалпы суммасы 5 миллион 300 миң еврону түзөт. Каражат Европа… Кененирээк…

Нарындагы памирлик кыргыздар Алай районуна көчүрүлөт

Нарындагы памир кыргыздары Алай районуна көчүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирет. Анын айтымында, этникалык кыргыздар үчүн Алай районунда 7 үй салынат. Курулушка 10 миллион сом бөлүндү. Планда 15 турак жай куруу бар, — деди Жылкыбаев. Кошумчаласак, памирлик кыргыздардын өлкө жарандыгын алуу… Кененирээк…

Түштүк Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык мекенге кайтып келди

Түштүк Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык мекенге кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Жарандар бүгүн Сеул – Бишкек — Сеул каттамы боюнча учуп келишти. Алардын бардыгы тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Жыл башынан бери дыйкандарга 2 миллиард 400 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди

Жыл башынан бери дыйкандарга 2 миллиард 400 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирет. Анын айтымында, ишкерлер «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча 5 миңден ашык насыя алышты. Аталган долбоор 2013-жылдан бери иштеп жатат. Ушул убакка чейин 90… Кененирээк…

Кыргызстанда 5-июндан тартып бала бакчалардын иштөөсүнө уруксаат берилет

Кыргызстанда 5-июндан тартып бала бакчалардын иштөөсүнө уруксаат берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелери мэрия жана тиешелүү органдар тарабынан комиссия түзүлүп текшерет. Андан кийин гана аларды ачууга уруксат берилет. Балдардын саламаттыгын сактоо максатында бардык аракеттер көрүлөт, —… Кененирээк…