Быйыл 1 миллион 219 миң гектар жер айдалды

Быйыл 1 миллион 219 миң гектар жер айдалды.

Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо

максатында эгин  былтыркыга салыштырмалуу 2,3 миң гектарга көбүрөөк айдалды.

Анда буудай, жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр жана арпа басымдуулук кылат.

Мындан тышкары, 54 миң гектарга жашылча жана

11,5 миң гектарга бакча өсүмдүктөрү отургузулду.