Кара-Суу шаарында алгачкы ирет таза суу системасы тартыла баштады.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, эми аймакта жалпысынан 20,5 чакырымга
созулган таза суу түтүгү пайда болот. Учурда 7 чакырымда иштер аткарылды.
Мындан тышкары канализация куруу да каралган. Долбоордун жалпы суммасы
5 миллион 300 миң еврону түзөт. Каражат Европа өнүктүрүү банкынан бөлүндү.