Бишкекте өзгөчө кырдаал шартында иштөө тартибин сактабаган 4 кафе аныкталды.
Мэриядан билдиришкендей, тамактануу жайларында 50дөн ашык кардар тейленип жаткан.
Ошондой эле адамдардын ортосундагы 1,5 метр аралык сакталган эмес. 28-майга карата
ишкерлерге 62 протокол толтурулуп, 256 миң сом айып салынды. Учурда мэриянын
санитардык-экологиялык инспекциясы кафе жана ресторан ээлерине эскертүү иштерин жүргүзүүдө.