Жыл башынан бери дыйкандарга 2 миллиард 400 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди.
Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирет.
Анын айтымында, ишкерлер «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча 5 миңден ашык насыя алышты.
Аталган долбоор 2013-жылдан бери иштеп жатат. Ушул убакка чейин 90 миңден ашык
жаранга жеңилдетилген насыя катары 34,5 миллиард сом багытталды, — деди министр.