Баткен облусунун Жаңы-Жер аймагында өрүктөр быша баштады.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, багбандар өрүктүн алгачкы
түшүмүн сатыкка чыгара башташты. Облуста жалпысынан 8 миң гектар өрүк багы бар.
Андан жыл сайын 100 миң тонна өрүк жыйнап алынат. Анын 20 пайызы жергиликтүү
ишканаларда иштетилсе, 80 пайызы чет өлкөлөргө сатылат. Кошумчаласак,
Жаңы-Жер айылы деңиз деңгээлинен 400 метр төмөн жайгашкандыктан,
климаты ысык келип, жер-жемиш эрте бышат.