Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу башталды

Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу башталды. Райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин жаңы корпусуна капсула салуу иш-чарасы болду. Долбоордун жалпы суммасы 71 миллион 200 миң сомду түзөт. Белгилеп кетсек, буга чейин 190 орундуу билим берүү мекемесинде 600дөн ашык окуучу билим алып… Кененирээк…

Түркиядан 328 жаран учуп келди

Түркиядан 328 жаран учуп келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аларга чартердик каттам уюштурулду. Аталган жарандар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. Чет өлкөдөгү мекендештерди кайтаруу иштери улантылат.

Бишкек ЖЭБине 7 миң тонна жаңы сорттогу көмүр жеткирилет

Бишкек ЖЭБине 7 миң тонна жаңы сорттогу көмүр жеткирилет. Бул тууралуу “Электр станциялары” 24 агенттигине билдирет. Отунду жеткирүү боюнча Казакстандык компания менен 22-майда келишим түзүлгөн. Учурда анын 2 миң 732 тоннасы келди. Азыр көмүрдү кабыл алуу комиссиясы иштеп жатат. Жакын арада калган бөлүгү да жеткирилет.… Кененирээк…

Бишкектеги «Орто-Сай» базары жабылат

Бишкектеги «Орто-Сай» базары жабылат. Соода жайында дезинфекциялоо иштери жүрөөрүн вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди. Анын айтымында, коронавирустун белгилери менен кайрылган бир нече адам аталган базарга барганын айтышкан. Вице-мэр белгилегендей, санитардык-гигиеналык иштер канча убакытка чейин созулаары белгисиз. Буйрук жакынкы аралыкта жарыяланат.

Коронавирустан каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөк пул берилет

Коронавирустан каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөк пул берилет. Бул тууралуу баламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди. Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Андан кийин комиссия компенсация төлөө жөнүндө чечим кабыл алат. Эске салсак, 2-июнда Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы… Кененирээк…

Бишкек мэриясы кытайлык гранттын эсебинен жолдорду калыбына келтирүүгө жакынкы арада киришет

Бишкек мэриясы кытайлык гранттын эсебинен жолдорду калыбына келтирүүгө жакынкы арада киришет. Кеп “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабы тууралуу болуп жатат.   Анын алкагында аткаруучу компанияны аныктоо үчүн дагы бир сынак жарыяланды. Арыздар 29-июнда ачылат. Эске салсак, экинчи фазанын  жүрүшүндө Бишкекте 60 көчө ремонттолот. Анын… Кененирээк…

1-июлдан тарта башкаруунун автоматтык системасы орнотула элек май куюу станциялардын иши токтотулат

1-июлдан тарта башкаруунун автоматтык системасы орнотула элек май куюу станциялардын иши токтотулат. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик салык кызматынан эске салышты.   Ведомстводон белгилешкендей, жаңы система орнотулмайын, станциянын ишине уруксат берилбейт. Ушундай эле чара жабдуулары тиешелүү талаптарга жооп бербеген учурларга дагы колдонулат.   Техникалык көрсөткүчтөргө текшерүүлөрдү… Кененирээк…

Бишкекте Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштери дагы эле жандана элек

Бишкекте Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштери дагы эле жандана элек. Бизге Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, жумуштардын кечеңдеши кытайлык адистерди өлкөгө алып келүүдө кыйынчылыктар жаралганына байланыштуу.   Эске салсак, Лев Толстой көчөсү өткөн жылы ремонттолуп, анын   2 чакырымга жетпеген Достоевский – 7-апрель көчөлөрүн камтыган тилкеси гана… Кененирээк…

Аймактар ортосунда каттаган коомдук транспорт айдоочуларына санитардык эежелерди сактоо боюнча эскертүүлөр берилди

Аймактар ортосунда каттаган коомдук транспорт айдоочуларына санитардык эежелерди сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда район жана облустар аралык каттамдар жанданды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы коомдук транспортто санитардык эрежелердин сакталышын текшерип жатат. Андан тышкары, жол эрежелерин бузуу, техникалык талаптар боюнча көзөмөл күчөтүлдү,… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечкиге чейин жарык Токомбаев, Садыгалиев, Мурман, Западная көчөлөрүндө жана Маевка, Романовка айылдарында жок болот   . Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.