“Алтын тамга” сертификатына быйыл 1 миң 240 бүтүрүүчү талапкер

“Алтын тамга” сертификатына быйыл 1 миң 240 бүтүрүүчү талапкер. Артыкчылык аттестаттары кандай эреже менен тапшырыла турганын Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.   “1240 талапкерибиз болуп атат. 13-июндан баштап  19-июнга чейин бардык облустук борборлордо Жалпы республикалык тестирлөөгө окшоп эле коопсуздукту сактап, тапшырылат.… Кененирээк…

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 70тен ашык аскери Москвага Жеңиш Парадына барат

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 70тен ашык аскери Москвага Жеңиш Парадына барат. novosti.kgге Улуттук гвардиянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жоокерлерди тандоо бир нече категориялар боюнча жүргүзүлдү.   Алсак, алардын саламаттыгы бекем болуп, бою жана физикалык даярдыгы эске алынды. Аскерлер парадга күн сайын даярданып жатат. Алар Москвага ушул жумада… Кененирээк…

Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Документке ылайык, желим баштыктарды өлкөгө алып келүүгө, аларды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.   Белгилеп кетсек, басмымдуу мамлекеттер жаратылышка зыян тийгизген желим жана пластикти колдонуудан баш тартууда.

Талас шаардык мэриясынын кызматкери пара менен кармалды

Талас шаардык мэриясынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын 29 жаштагы адиси жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн ишкерден акча талап кылган.   Ыкчам-издөө иштеринин алкагында ал колго түшүрүлүп, камакка алынды. Тергөө уланууда.

Facebook жаңы функцияларды киргизүүнү пландап жатат

Facebook жаңы функцияларды киргизүүнү пландап жатат. Эми Android системасы менен иштеген смартфондордо кара фон пайда болот. Аны колдонуучулар өздөрү коюшу керек.   Андан тышкары, Facebook социалдык тиркемесин эми үнсүз кылып койсо болот. Анда колдонуучуга билдирүүлөр келип, тынчын албайт. Бул фунциялар IOS платформасында апрель айында эле… Кененирээк…

Ордо калаанын соода борборлору жана базарларында санитардык талаптар күчөтүлдү

Ордо калаанын соода борборлору жана базарларында санитардык талаптар күчөтүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, администрация күн сайын нымдуу тазалоо жүргүзүп, медицина түйүндөрүн уюштурууга милдеттендирилди.   Андан тышкары, объектилердин  жетекчилиги кызматкерлердин ден-соолугу боюнча күн сайын сурамжылоо жүргүзүшү керек. Ал эми сатып алуучуларга беткап режимин бузбоо сунушталат.

Бишкек мэриясы түнкүсүн ызы-чуу чыгарууга тыюу салуу ниетинде

Бишкек мэриясы түнкүсүн ызы-чуу чыгарууга тыюу салуу ниетинде. Ага ылайык, түнкү саат 11ден кийин физикалык жана юридикалык жактарга белгиленген көрсөткүчтөн ашкан үндөрдү чыгарууга тыюу салынат.   Эреже көп кабаттуу үйлөргө, турак-жай алдындагы аймактарга, билим берүү жана медициналык мекемелерге, социалдык жана калыбына келтирүү кызматтарын көрсөткөн уюмдарга… Кененирээк…

Рамзан Кадыров үйлөнө турган жигиттерге калың төлөөгө жардам берет

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров үйлөнө турган жигиттерге калың төлөөгө жардам берет. Анын атасынын фондунан 207 эркекк 50 миң рублдан бөлүнөт. Акча үйлөнүүгө камынып жатып коронавирус пандемиясына байланыштуу акчадан кыйналып калган жигиттерге берилет.   Пандемияга байланыштуу аймакта той өткөрүү эрежелери да өзгөрдү.. Эми үйлөнүү үлпөткө түгөйлөрдүн… Кененирээк…

Россия чек араларын ачууда

  Россия чек араларын ачууда. РИА Новости премьер-министр Михаил Мишустинге шилтеме келтирип билдиргендей, россиялыктар чет мамлекетке туугандарына кам көрүү, дарылануу, иш жана окууга чыга алат.   Башка мамлекеттин жарандары дагы Россияга медициналык максатта кире алышат. Тиешелүү жарлыктарга кол коюлду.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрүү түйүнү ишин жандандырды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрүү түйүнү ишин жандандырды. Тиешелүү макулдашуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери ортосунда жетишилди.   Ага ылайык, аталган түйүндөн эми жүк ташуучу унаалар санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлөт.