Бишкек мэриясы кытайлык гранттын эсебинен жолдорду калыбына келтирүүгө жакынкы арада киришет

Бишкек мэриясы кытайлык гранттын эсебинен жолдорду калыбына келтирүүгө жакынкы арада киришет. Кеп “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабы тууралуу болуп жатат.

 

Анын алкагында аткаруучу компанияны аныктоо үчүн дагы бир сынак жарыяланды. Арыздар 29-июнда ачылат. Эске салсак, экинчи фазанын  жүрүшүндө Бишкекте 60 көчө ремонттолот. Анын басымдуусу жаңы конуштарга туура келет.