Коронавирустан каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөк пул берилет

Коронавирустан каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөк пул берилет.

Бул тууралуу баламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.

Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Андан кийин комиссия компенсация

төлөө жөнүндө чечим кабыл алат. Эске салсак, 2-июнда Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы

дарыгер-фтизиатр — Исмаилов Альберт Жумабекович коронавирустан каза тапты.

Ал апрель айынан баштап пневмония менен ооругандарды дарылап, өзү да коронавирусту жуктуруп алган.