Бишкек ЖЭБине 7 миң тонна жаңы сорттогу көмүр жеткирилет

Бишкек ЖЭБине 7 миң тонна жаңы сорттогу көмүр жеткирилет.

Бул тууралуу “Электр станциялары” 24 агенттигине билдирет. Отунду жеткирүү боюнча Казакстандык

компания менен 22-майда келишим түзүлгөн. Учурда анын 2 миң 732 тоннасы келди. Азыр көмүрдү кабыл алуу

комиссиясы иштеп жатат. Жакын арада калган бөлүгү да жеткирилет. “Электр станцияларынан” белгилешкендей,

көмүрдүн жаңы түрүнүн алынып келиши атаандаштыкты жаратат. Түзүлгөн атаандаштык,

отундун сапатын жакшыртып, учурдагы баасынын төмөндөшүнө алып келет.