“Электр станциялары” Үч-Коргон ГЭСинин өндүрүштүк комплексинин
курулуш иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып
алуулар порталында айтылат. Маалыматка караганда, газ түтүктөрүн
орнотууга пландалган сумма 4 миллион 662 миң сомду түзөт. Сатып
алуулардын ыкмасы – бир этаптуу. Арыздар 14-июлга чейин кабыл алынат.