Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот.
“Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 7ге чейин
Жибек Жолу, Республика, Кара-Балта, Коммунаров, Боталиев, Абдыкадыров көчөлөрүндө,
чыгыш 5 кичи районунда, Көк-Жар, Көлмө, Ак-Өргө, Рухий-Мурас конуштарында
электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.