Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды

Кыргызстан Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Ал бүгүн Бишкекке учак менен жеткирилет, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, учурда медицина мекемелеринде 572 ИВЛ аппарат жана

610 кычкылтек концентратору бар. Дагы жаңы сатып алуулар донорлор тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Мындан тышкары, өкмөт бул максатта 50 миллион сом бөлдү. Бул акча да

медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат. Кошумчаласак, айрым

шоу-бизнес өкүлдөрү да кычкылтек концентраторун сатып алууга каражат которушууда.