Кыргызстанда ай сайын 41 миң адам кошумча каражат алат.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей,
акчалар ай сайын 25 категориядагы жарандарга төлөнүп берилет.
Компенсациялардын өлчөмү жашаган аймагына карабастан
1 миң сомдон 7 миңге чейин деп белгиленген. Бул максатта мамлекеттик
бюджеттин эсебинен дээрлик 499 миллион сом сарпталат.