Евразия калыбына келтирүү жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет

Евразия калыбына келтирүү жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар берет.
Россиянын Каржы министрлигинин расмий сайтында жазылгандай,  алынып жаткан карыз өлкө
бюджетин колдоого жана пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшалат. Кошумчаласак,
өкмөт быйыл коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин
дефицитин жабууга чет өлкөлөрдөн жалпысынан 742 миллион 900 миң доллар
жардам алып жатат. Мунун басымдуу бөлүгү насыя .