Балыкчы – Корумду унаа жолунун курулуш иштери 70 пайызга аяктап калды

Балыкчы – Корумду унаа жолунун курулуш иштери 70 пайызга аяктап калды.

Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдиргендей,

трассаны салып жаткан кытайлык компания жумушчулардын айлык акысын

төлөп берүүнү убада кылды. Учурда пандемияга байланыштуу компаниянын

өкүлдөрү Кытайдан келе элек. Кошумчаласак, 2015-жылы башталган

бул тилке өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор.