Кыргызстан COVID-19 вирусунун экинчи толкунуна даярданууда
Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Аймактардагы ооруканалар кошумча орундар менен камсыздалууда.
Учурда 12 объектиде жумуштар жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан
9 оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Баткенде 90,
Нарында 70 орундуу, ошондой эле Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда
100 орунга ылайыкташтырылган ооруканалардын курулуш иштери жүрүп жатат.
Жумуштар аяктагандан кийин өлкө боюнча 1 миңден ашык орун даяр болот.