Өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгат

Өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстан жарандарына сыртка чыгууга уруксат берген документ жок. Эми каттамдар жандана баштаганына байланыштуу өкмөт ал чечимине өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Документ жакынкы аралыкта даяр… Кененирээк…

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук унаалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук унаалардын иштөөсүнө уруксат берилди. Мындай чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынды. Маалыматка ылайык, айдоочулар жана жүргүнчүлөр бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды так сакташы зарыл. Тиешелүү тапшырмалар унаа ээлерине жана компания жетекчилерине берилди. Белгилеп кетсек, азырынча облустар аралык коомдук унаалардын… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 фельдшердик акушердик түйүн пайда болот

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 фельдшердик акушердик түйүн пайда болот. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Октябрь, Жоош, Чагыр, Сүрөттүү-Таш жана Жаңы-Турмуш айылдарында иштер жүрүп жатат. Объектилерди ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоорлор жергиликтүү бюджеттен жана чет элдик донорлор тарабынан каржыланууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 37 тез жардам унаасын сатып алат

Саламаттыкты сактоо министрлиги 37 тез жардам унаасын сатып алат. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталында айтылгандай, ведомство буга карата 145 миллион сомго тендер жарыялады. Сатып алуулар эки партия менен жүргүзүлөт. Сынактык арыздарды кабыл алуу 31-августта токтотулат.

Быйыл жол куруу жана оңдоо жаатында каражат үнөмдөлдү

Быйыл жол куруу жана оңдоо жаатында каражат үнөмдөлдү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, быйыл жол оңдоо жана тейлөөгө республикалык бюджеттен 1 миллиард 875 миллион сом каралган. Ал акча 570 миллион сомго кыскартылды. Мындай чара өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга… Кененирээк…

Кыргызстан дагы башка өлкөлөр менен аба каттамдарды жандантуу маселесин карап жатат

Кыргызстан дагы башка өлкөлөр менен аба каттамдарды жандантуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирет. Анын айтымында, учурда россиялык жана казакстандык аба түзүмдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле аба жолдорун ачуу боюнча Кувейт жана Өзбекстан бизге өз сунуштарын жиберишти.… Кененирээк…

Быйыл транспорт жана кыймылсыз мүлкүнө салыктар жокко чыгарылбайт

Быйыл транспорт жана кыймылсыз мүлкүнө салыктар жокко чыгарылбайт. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, бардык төлөмдөр өз убагында кабыл алынат.   Салыктарды чогултуу боюнча эч кандай өзгөртүүлөр киргизилген эмес. Эске салсак, 1-сентябрга чейин транспорт салыгын, ал эми 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлк жана… Кененирээк…

Кыргызстанда административдик-аймактык реформа өткөрүлөт

Кыргызстанда административдик-аймактык реформа өткөрүлөт. Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, анын алкагында бирин бири кайталаган мамлекеттик түзүмдөр жоюлат.   Өлкө башчынын пикиринде, бул мамлекеттик системанын ишин натыйжалуу кылып, бюрократияны кыскартат. Реформаны бийлик парламенттик шайлоолордон кийин өткөрүү ниетинде.

Россиянын 11 шаарынан чогулган кыргызстандыктар Ошко алынып келди

Россиянын 11 шаарынан чогулган кыргызстандыктар Ошко алынып келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар үчүн Екатеринбург-Ош чартердик каттамы уюштурулду.   Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Чет жактагы мекендештерди кайтаруу уланууда.

Австралиядагы жираф эң узун деп табылды, анын бою – 5 метр, 70 сантиметр

Австралиядагы жираф эң узун деп табылды, анын бою – 5 метр, 70 сантиметр. Муну менен жаныбар Гиннес рекорддор китебине киргизилди. Форест каймана аты менен жирафтын 12 баласы бар, жакында ал дагы бир ирет ата болгону турат.   Анын балдары дагы кийин атасын тартып рекорддук узун… Кененирээк…