Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө

Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй жана Ош облустарында жарылып кетүү коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштери жүргүзүлүп баштады.   Учурга карата 12 көл изилденди. Быйыл өлкөдө суунун деңгээли төмөн болгондуктан, жарылып кетүү коркунучу бар көлдөрдун… Кененирээк…

Дубай-Бишкек-Дубай каттамы эми жума сайын аткарылып турат

Дубай-Бишкек-Дубай каттамы эми жума сайын аткарылып турат. Биздин өлкөнүн Дубайдагы башкы консулдугунан билдиришкендей, алгачкы учактар 14-21-28-августка белгиленди.   Алар менен кыргызстандыктар, Кыргызстан жарандарына жакын тууган болгон чет элдиктер, эмгек визасы бар чет элдиктер, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, элчиликтин кызматкерлери уча алат. Жүргүнчүлөр аэропортто COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшырып… Кененирээк…

Кыргызстанга сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү

Кыргызстанга сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.   Ага ылайык, эми чет мамлекеттерден келгендерден ПЦР-анализ адынбайт. Ошондой эле, алар обсервацияга жаткырылбайт.   Эгер коронавирус же сасык тумоонун белгилери байкалса, жашаган жериндеги медициналык борборго кайрылуу сунушу берилет.   Штаб мунун себебин вирус… Кененирээк…

Монголияда коронавирус жуктургандардын 90 пайызы айыгып чыкты

Монголияда коронавирус жуктургандардын 90 пайызы айыгып чыкты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, акыркы суткада бир да адамдан коронавирус аныкталган эмес, каза болгондор дагы жок.   Жалпы 293 адам коронавирус менен жабыркап, анын 263ү айыгып чыкты. Ал эми Кыргызстанда вирусту 31 миң адам жеңди.

Коронавирустан ооруп айыккандар эми коркпой эле койсо болот

Коронавирустан ооруп айыккандар эми коркпой эле койсо болот. Алар вирусту кайра жуктурбайт, — деп Саламаттыкты сактоо министрлигинин пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев билдирди.   Анын айтымында, COVID-19 менен ооруган адамда иммунитет пайда болгондуктан экинчи ирет жуктуруп алат деген далил азырынча жок. Иммундук система көпкө чейин сакталышы… Кененирээк…

Москвадан 420 кыргызстандык келди, арасында 35 бала бар

Москвадан 420 кыргызстандык келди, арасында 35 бала бар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жеткирилгендердин арасында студенттер, кош бойлуу жана балалуу аялдар, катуу ооругандар бар.   Бул үчүн атайын Москва-Бишкек чартердик каттамы уюштурулду. Чет жактагы кыргызстандыктарды кайтаруу уланууда.