Өзбекстанда мектептер электрондук журналдарга жана күндөлүккө өтөт.
Бул өз кезегинде мугалимдердин кагазга байланыштуу иштерин азайтат жана
ата-эне менен мектептин байланышын жакшыртат. Эми алар бир гана смартфон
аркылуу баласынын сабактардан жетишкендиктерин көзөмөлдөшөт.
Ошондой эле жаңы система үй тапшырма жана башка маселелер боюнча
мессенжерлер аркылуу ата-энелер тайпаларын түзүү зарылдыгын жокко чыгарат.
Мындай күндөлүккө кошуу үчүн бир күндөлүктүн акысын төлөө керек болот.