Нарын облусунун Кочкор айылында эки көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт

Нарын облусунун Кочкор айылында эки көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Учурда тилкеде асфальт төшөө иштери башталды. Жалпысынан Чике уулу Дүйшө көчөсүнүн

2,5 чакырымы жана Гагарин көчөсүнүн 300 метр жери ремонттолот. Учурда жолдун алдыңкы

катмары даярдалып, көпүрөлөр курулууда. Оңдоо иштерине 15 миллион сом сарпталат.

Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Жумуштар 30-сентябрга чейин бүтүп калат.