Ордо калаадагы “Семетей” обсервациясы жабылды.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус менен
ооруган акыркы 8 бейтап кечээ госпиталдан сакайып чыкты. Мурдагы транзиттик
«Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы 47 күн иштеди. Бул аралыкта
1,5 миң бейтап дарыланды. Учурда госпитал күзгү-кышкы сезонго жана
коронавирустун экинчи толкунуна даярдалып жатат.
Анда кошумча шарттар каралып,лаборатория түзүү пландалууда.