Пандемия Кыргызстандын туризм тармагына чоң зыян тийгизди

Пандемия Кыргызстандын туризм тармагына чоң зыян тийгизди. Бул тууралуу Туризм ассоциациясынын башчысы Эрмек Мырзабеков билдирди. Анын айтымында, бул тармакта эмгектенгендердин дээрлик 90 пайызы жумушсуз калды. 20 пайыз туристтик фирмалар ишкердүүлүгүн өзгөртүүгө аргасыз болду.

 

Туристтик бизнес пандемияга чейинки көрсөткүчүнө 2-3 жылдан кийин гана келе алат. Учурда аталган тармактын өкүлдөрү эпидемиологиялык абалдын жакшырышын күтүп жатат, — деди Мырзабеков.