Экономика министрлиги көмүрдүн баасын мамлекет тарабынан жөнгө салууну киргизүүнү сунуштады

Экономика министрлиги көмүрдүн баасын мамлекет тарабынан жөнгө салууну киргизүүнү сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, карантин жарандандардын каржылык абалына залал келтиргендиктен, мындай чара жакшы кабыл алынат.

 

Андан тышкары, жыл сайын монополдукка каршы агенттик көмүр кендерине бирдиктүү баа орнотуп келгени менен, кара отун жарандарга жеткенче эле кымбаттап жатат. Белгилеп кетсек, өкмөт 3 айга чейин социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салууга укугу бар.