Кытайдын Шэньчжен шаары асман тиреген үйлөрүнүн саны боюнча Нью-Йоркту артта калтырды

Кытайдын Шэньчжен шаары асман тиреген үйлөрүнүн саны боюнча Нью-Йоркту артта калтырды. 40 жыл мурун балык уулоо үчүн ыңгайлуу болгон кичинекей шаарча болгон Шэньчженде учурда 289 небоскреб бар.

 

Алардын бийиктиги эң аз дегенде 150 метрди түзөт. Ал эми Американын эң ири шаары Нью-Йоркто алардын саны 283. Бул тизмеде 354 асман тиреген имараты менен биринчиликти көп жылдан бери Гонконг сактап келет.