Бишкекте №19 орто мектепте кошумча корпустун курулушу уланууда

Бишкекте №19 орто мектепте кошумча корпустун курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы имарат 198 окуучуга чакталган. Анда бий залы, окуу класстары, класстан тышкаркы окуулар үчүн бөлмөлөр жана китепкана орун алат.

 

Мэриядан белгилешкендей, №19 мектеп сейсмологиялык аймакта жайгашкандыктан, корпус жер титирөөгө туруктуу кылып салынып жатат. Курулушка 45 миллион сом бөлүнгөн.